Окуялар

Бишкекте 22 жаштагы кызды машина сүзүп кетип, каза болду

Бишкектин Жал кичи районунда жөө адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн таңга маал Тыналиев көчөсүндө болгон. KIA K5 автоунаасынын айдоочусу солго бурулуп жатып, жолду кесип өтүп бараткан 22 жаштагы Ф.А. аттуу кызды сүзүп кеткен. Ал кырсык болгон жерден жан берген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») менен иш козголуп, 36 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button