Саясат

Президент Ташиев менен жолукканын айтты

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен 15-февралда жолукканын билдирди. Бул тууралуу ал 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү”, — деди президент.

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев кандайдыр бир мамлекеттик кызматка барбай турганын жана экөө дос бойдон каларын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button