Коом

Өткөн жылда мигранттар Кыргызстанга рекорддук суммадагы акча которушту

Өткөн жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 3 миллиард 491,2 миллион доллар которушкан.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, каражаттын негизги бөлүгү Россиядан келген. Ал 3,2 миллиард долларды түзөт. Казакстандан да мигранттар ондогон миллион доллар которушкан.

Буга чейинки рекорд 2022-жылы катталып, дээрлик 3,1 миллиард долларды түзгөн эле.

Тектеш кабарлар

Back to top button