Бишкекте «Рамазан чатыры» аттуу социалдык долбоор өз эшигин ачат

2026-жылдын 20-февралында Бишкек шаарында “Рамазан чатыры” аттуу социалдык долбоор өз эшигин ачат.
“Рамазан чатыры” — Кыргызстандагы уникалдуу социалдык демилге болуп, ал 10 жылдан бери “Аль-Умма” коомдук кайрымдуулук фонду жана өлкөбүздүн кайдыгер эмес жарандарынын күч-аракети менен ишке ашырылып келет.

Ыйык Рамазан айынын жүрүшүндө “Рамазан чатыры” долбоорунун алкагында күн сайын ооз ачуу кечелери (ифтарлар) өткөрүлүп, алар маданий программалар менен коштолот. Бул иш-чараларга негизинен социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандар: жетим балдар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер, кароосуз калган улгайган адамдар жана башка муктаж жарандар чакырылат.
Долбоордун негизги максаты — турмуштук оор жагдайга туш болгон адамдарга көңүл буруу, алар үчүн майрамдык маанай түзүү жана кайдыгер эмес жарандардын биримдиги аркылуу гуманитардык жардам көрсөтүү.

Долбоордун Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлүшү коомчулук тарабынан өзгөчө, тынчтыкты, ынтымакты жана боорукердикти даңазалаган уникалдуу демилге катары жылуу кабыл алынган. Бул иш-чаралар эл аралык жана жергиликтүү маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып, Рамазан айын өткөрүүдөгү улуттук өзгөчө колоритибизди таанытып, элдердин достугун бекемдөөгө көпүрө болуп кызмат кылды. Ошондой эле жаш муунду жалпы жарандык активдүүлүккө тарбиялоодо жана муктаж катмарларга кам көрүүдө үлгү боло алды.
“Рамазан чатыры” долбоору Ыйык Рамазан айынын бардык күндөрүндө иштеп, 6 000ден ашуун конокту кабыл алууну пландоодо.
Эске салсак, 2024-жылы “Аль-Умма” фонду тарабынан уюштурулган “Рамазан чатыры” кайрымдуулук долбоорунун алкагында Кыргызстанга белгилүү түрк ашпозчусу —GZN Burak келип, ыйык Рамазан айындагы кайрымдуулук иш-чараларына катышкан.
2025-жылы “Рамазан чатыры” долбоорунун алкагында Түштүк Кореядан келген дүйнөгө белгилүү инфлюенсер жана кайрымдуулук ишмери — Дауд Ким ардактуу конок катары катышкан.



