Окуялар
Бишкек—Ош жолунда таш кулап, бир адам каза болду

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 16-февралга караган түнү болжол менен саат үчтөр чамасында Кара-Көл шаардык милициясынынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек—Ош жолунун 400-чакырымында, Кара-Көл шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны таш кулап, басып калган.
Аталган факт электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
Анда унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алып, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ал эми 50 жаштагы дагы бир жүргүнчү жол кырсыгы катталган жерде каза тапкан.
Учурда окуя боюнча териштирүү иштери уланууда.



