ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгына жаңы техникалар тапшырылды

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгына жаңы атайын жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлады.
Шаар башчысы Айбек Жунушалиев Бишкек мэриясы куткаруу кызматтарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
«Эгер 2023-жылы ӨКМ башкармалыгын камсыздоого болжол менен 5 млн сом каралган болсо, акыркы эки жылда бул каржылоо 10 млн сомго чейин көбөйдү.
Биз дайыма сиздерди колдоп, керектүү шарттарды түзүп турабыз. Жаңы шаймандар сиздерге күнүмдүк жооптуу жана катаал ишиңиздерде эң маанилүү курал болуп кызмат кылат. Ар кандай кырдаалга даяр болууга жана шаар тургундарына ыкчам жардам көрсөтүүгө шарт түзөт», — деди мэр.

Белгилей кетсек, бул биргелешкен аракеттердин аркасында өткөн жылы шаардын коопсуздугун жакшыртуу боюнча маанилүү чаралар ишке ашырылды. Дарыялардын жээктери бекемделип, Маңка-Жар капчыгайында 50 миң куб метрлик дамба курулду жана заманбап куткаруу жабдуулары сатып алынды.




