Саясат

БШК Эльдар Суламановду депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин карайт

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүнкү жыйында Эльдар Сулаймановдун Жогорку Кеңештеги депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карашат.

Эльдар Сулайманов — мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Ал 1985-жылдын 3-июлунда төрөлгөн. Жогорку Кеңештин VII чакырылышында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болгон. Парламенттин VIII чакырылышына №5 Аксы көп мандаттуу шайлоо округу (Жалал-Абад облусу) боюнча шайланган.

Эльдар Сулаймановдун ысымы быйыл январь айында мурдагы жубайы тарабынан айтылган үй-бүлөлүк зомбулук боюнча айыптоолорго байланыштуу ЖМКларда жана социалдык тармактарда талкууланган. Асель Азаматова социалдык тармактар аркылуу экс-жолдошу тарабынан бир нече жолу зомбулук көрсөтүлгөнүн билдирген. Бишкек ШИИБ бул факты боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Ал эми Эльдар Сулайманов айтылган айыптоолор бир тараптуу мүнөзгө ээ экенин жана укуктук баа берилиши керектигин билдирген.

Тектеш кабарлар

Back to top button