Коом

19-февралда Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында суу өчүрүлөт

19-февралда Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, аталган эки конуштагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат.

Суу Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Тектеш кабарлар

Back to top button