Саясат

БШК депутат Элдар Сулаймановду мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратты

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Эльдар Сулаймановдун мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Эл өкүлү ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшыруу тууралуу арыз берген.

Эльдар Сулайманов — мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Ал 1985-жылдын 3-июлунда туулган.

Ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышында Ата-Журт Кыргызстан саясий партиясынан депутат болгон. VIII чакырылышка болсо №5 Араван көп мандаттуу шайлоо округу (Жалал-Абад облусу) боюнча шайланган.

Тектеш кабарлар

Back to top button