Коом
«Сосновка» жана «Арал» көзөмөл-өткөрүү пункттарында бардык унааларга чектөө киргизилди

Бүгүн болжол менен саат 12:10до Чычкан капчыгайы аймагындагы Бишкек — Ош автожолунун эки тилкесинде кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда «Сосновка» жана «Арал» көзөмөл-өткөрүү пункттарында бардык унаа түрлөрү үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Алдын ала маалымат боюнча, жолго түшкөн көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метрди, бийиктиги 5 метрди түзөт.
Тазалоо иштерин №23 жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Азыркы учурда атайын техника тартылып, тазалоо иштери активдүү уланууда.
Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.



