Саясат

Ош шаарынын мэри кызматтан кетет деген кептер чындыкка дал келбейт

Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев өз кызматтык милдеттерин аткарууну улантууда. Анын кызматтан кеткени тууралуу социалдык тармактарда активдүү тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Жылдызбек Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, мэр иш ордунда жана түштүк борборунда өткөн коллегияга жеке өзү катышкан.

«Интернетте тараган маалымат чындыкка туура келбейт. Мэр штаттык режимде иштеп жатат», — деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Коллегия Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өттү. Жыйынды Ош шаарынын мэри өзү ачты. Жыйындын жүрүшүндө шаар менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, өкмөттүн тапшырмаларын аткаруу, ошондой эле мамлекеттик органдардын иш тартиби жана натыйжалуулугу боюнча маселелер каралды.

Тектеш кабарлар

Back to top button