Коом

Вебкам-студиялардын уюштуруучусу Даниэл Ажиев эркиндикке чыкты

Президент Садыр Жапаров вебкам-студиялардын уюштуруучусу Даниэл Ажиевге ырайым кылды. Кабарды президенттик администрациядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, чечим анын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар экенин эске алуу менен кабыл алынган.

Кечээ Даниэл Ажиевдин үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга тараган.

Эске салсак, Даниэл Ажиев мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга 9 жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылган. Ошондой эле 220 миң сомдук айыпка жыгылган.

Белгилей кетсек, УКМК көп сандагы вебкам-студиялардын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюп, жетекчиси катары Даниэл Ажиевди айыптаган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн. Чекисттер Ажиевдин вебкам-студияларында 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адам интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп келгенин билдирген.

Тектеш кабарлар

Back to top button