Коом

Сузак жана Базар-Коргон райондорунда социалдык шаарчалар курулат

Сузак жана Базар-Коргон райондорунда социалдык шаарчалар курулат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев социалдык шаарчалардын пайдубалына капсула салды.

Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагындагы соцшаарчада 10 батирлүү турак жай, мечит, фельдшердик-акушердик пункт, тигүү цехи жана мектеп курулат.

Ал эми Сузак районунун Бек-Абад айылындагы Газпром участкасында 3 гектар жер аянтына курула турган социалдык шаарчада 32 батирлүү турак жай, мечит, фельдшердик-акушердик пункт, тигүү цехи жана 300 орундуу мектеп куруу пландалган.

Курулуш иштери «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button