Саясат
БШК № 13 округдан үч депутатты каттады

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы «№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Ошентип, БШК тиешелүү мыйзамдарды жетекчиликке алып, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин төмөнкү шайланган депутаттарын каттады:
- Алтынбеков Айбек;
- Мамытов Талант Турдумаматович;
- Карабекова Айгүл Асановна.
«Эми Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер берилет», — деп айтылат маалыматта.



