Саясат

УКМК төрагасы кызматына Шабданбековдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар УКМКнын төрагасы кызматына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин жактырды.

Эл өкүлдөрүнүн баары “макул” деп добуш берди.

Эске салсак, Садыр Жапаров 10-февралда Жумгалбек Шабданбековду Государственный комитет национальной безопасноститин төрагасынын милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Буга чейин бул кызматтан Камчыбек Ташиев бошотулган.

Жумгалбек Шабданбеков 55 жашта, Нарын облусунун тургуну. Эмгек жолун улуттук коопсуздук органдарында ыкчам кызматкер болуп баштаган. 2020-жылдын октябрынан тартып ГКНБ төрагасынын орун басары болуп иштеп, ошол эле учурда 9-кызматты жетектеп келген.

Тектеш кабарлар

Back to top button