Саясат

ЖК үч министрликтин жаңы жетекчилерин дайындоого макулдук берди

Бүгүн Жогорку Кенештин жыйынында депутаттар үч министрликтин жаңы жетекчилерин дайындоого макулдук беришти.

Талапкерлер бир добуштан жана талкуусуз колдоого алынды — эл өкүлдөрү талапкерлерге суроо бербөөнү чечишти.

Эл өкүлдөрүнүн чечимине ылайык, төмөнкү талапкерлер жактырылды:

Урматбек Шамырканов — өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;

Талантбек Солтобаев — транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна;

Акыл Токтобаев — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна.

Эске салсак, 16-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы жетекчилерди кызматтан бошотуу тууралуу жарлыктарга кол койгон: Бообек Ажикеев (ӨКМ), Абсаттар Сыргабаев (Транспорт министрлиги) жана Медер Машиев (Жаратылыш ресурстары министрлиги).

Тектеш кабарлар

Back to top button