Талант Мамытов: Эгерде ал 75 адамдын кайрылуусунун парламентке киришине жол бербегенде, маселе жаралмак эмес

Талант Мамытов, бүгүн депутаттык мандат алып, Жогорку Кенеште ант бергенден кийин, «75 аксакалдын кайрылуусу» тууралуу пикирин билдирди.
Ал 2020-жылдагы окуяларда парламент кандай роль ойногонун эске салып, Жогорку Кенештин төрагасынан көп нерсе көз каранды экенин белгиледи.
«Эгерде ал 75 адамдын кайрылуусунун парламентке киришине жол бербегенде, маселе жаралмак эмес. Парламент президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн аныктаган же Конституциянын нормаларын түшүндүргөн орган эмес. Интрига жана талаш-тартыш жаратпай, депутаттарды ыңгайсыз абалга калтырбай эле Конституциялык сотко кайрылса болмок. Татаал мезгилдерде парламент саясий кризистик борбор катары иштеп келген, ал эми төрага мындай учурда кризис-менеджер болушу керек. Депутаттарды туңгуюкка такабай, туура, адилет жолду табуу жана элди, мамлекетти тынчтыкка чакыруу зарыл. Төраганын милдети — регламенттин негизинде иш алып баруу жана парламент менен президенттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу», — деди депутат.
Талант Мамытов кошумчалагандай, «кандай гана мамиле жана макулдашуулар болбосун, мыйзам баарынан жогору турат». Ал президентти эл шайлаганын, ал өз милдетин аткарып жатканын белгилеп, парламент өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан саясаттагы туура, адилет кадамдарды колдоого тийиш экенин айтты. Ошондой эле катачылыктар аныкталса, аларды оңдоого аракет кылып, элдин үнүн жеткирүү зарыл экенин кошумчалады.



