Коом

Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул чечим парламенттин жетекчилиги тарабынан кабыл алынды.

Жайнак Үсөн уулу — 2019-2020- жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (НТРК) башкы директору болуп иштеген. 2015-2019- жылдары НТС телеканалынын башкы директору кызматын аркалаган.

Жайнак Үсөн уулу эми парламенттин ишмердүүлүгүн маалыматтык коштоо, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү жана Жогорку Кеңештин коомдук күн тартибин калыптандыруу иштерине жооптуу болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button