Коом

«Кыргызформация» дары-дармекти ортомчусуз сатып алат

2026-жылдын башынан тартып «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген тизмеге ылайык дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган тартипте сатып алууну жүргүзүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, быйыл сатып алуулардынын бир бөлүгүн БУУ системасына караштуу уюмдардын механизмдери аркылуу ишке ашыруу пландалууда. Жалпысынан 30га жакын аталыштагы дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу каралууда.

Бул модель ортомчуларды четтетүүгө, продукциянын эл аралык сапат стандарттарына, анын ичинде ДССУнун алдын ала тандоо шайкештигин камсыз кылууга, глобалдык сатып алуу механизмдерине катышуу аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү бааларды түзүүгө багытталган.

«Учурда келишимдерди түзүүгө даярдык иштери жүрүүдө. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул моделди ишке ашыруунун натыйжасында өткөн жылга салыштырмалуу бюджеттик каражаттардын болжол менен 410 млн сом үнөмдөлүшү күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 2026-жылдагы сатып алуу саясаты дары-дармектердин баасын төмөндөтүүгө, сапатын жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button