Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Акаев Жанарбек Кубанычович 1986-жылдын 13-декабрында Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында төрөлгөн.
Билими жогорку. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн.
2008-2014-жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү.
2015-2017-жылдары Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Ошондой эле 7-жана 8-чакырылыштардын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү. Эки уулдун атасы.



