Коом
2026-жылга карата фитир-садаканын өлчөмү бекитилди

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2026-жылга карата фитир-садаканын өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Быйыл ар бир адам үчүн фитир-садака 1,6 килограмм буудай (60 сом), мейиз (880 сом), ун (90 сом) же 3,2 килограмм арпа (100 сом), курма (1 миң 200 сом) өлчөмүндө белгиленди.
Белгилүү болгондой, фитир-садака аталган азык-түлүктөрдүн наркына жараша акчалай да берүүгө болот.
Муфтиятта азык-түлүктөрдүн баасы туруктуу эмес экенин белгилешип, ошондуктан алардын салмагына карап эсептөө зарыл экенин эскертишти.
Эске салсак, ыйык Орозо айы Кыргызстанда быйыл 19-февралда башталат.




