Бишкекте дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыз Караколдон табылды

Ленин РИИБ кызматкерлери мурда изделип жаткан 2008-жылы туулган Айлун Аккийизованын жүргөн жерин аныкташты. Бул тууралуу райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-февралда саат 19:30 чамасында Каракол шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кыздын жүргөн жери аныкталган.
Анын жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн кийин милиция тарабынан кеңири масштабдагы издөө иштери уюштурулуп, жашы жете элек кыздын мүмкүн болгон жүрүү багыттары жана байланыш чөйрөсү текшерилген.
Белгиленгендей, Айлун Аккийизова 16-февралдан бери дайынсыз жоголгон катары каттоодо турган. Ошол күнү ал Бишкектеги КГТУ имени Исхака Раззакова алдындагы колледжге жөнөп чыгып, андан кийин байланыш үзүлгөн.
Учурда кыздын абалы жакшы. Анын жок болуп турган мезгилинин жагдайлары такталууда.




