Коом

ЖК аскердик төгүмдөрдү көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кенеш жыйынында депутаттар үчүнчү окууда талкуусуз эле КРдин Салыктык эмес кирешелер жана укук бузуулар жөнүндө кодекстерине, ошондой эле «КР жарандарынын жалпы аскердик милдети, аскердик жана альтернативдүү кызмат жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жактырышты.

Документ менен колдонуудагы мыйзамдарда каралган төмөнкү төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн алып салуу сунушталууда:

альтернативдүү кызмат өтөө — 18 миң сом;

мобилизациялык резервдин жыйындарына катышуу — 50 миң сом;

аскердик кызматка чакыруудан бошотулуп, экинчи категориядагы запастагы курамга киргизүү — 25 миң сом.

Бул суммалардын ордуна республикалык бюджетке түшүүчү акчалай төлөмдөрдүн өлчөмүн КР Министрлер кабинети аныктайт деп көрсөтүү сунушталууда.

Ошондой эле мыйзам долбоору менен аскердик эсепке туруу эрежелерин бузган аскер милдеттүүлөр же чакырылуучулар үчүн айып пулду 10 эсеге жогорулатуу сунушталууда — 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин.

Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин КРдин тиешелүү ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Анда учурдагы экономикалык өсүш жана инфляция эске алынып, төлөмдөрдү кыйла көбөйтүү сунушталган:

  • 22 жаштан 40 жашка чейинки, альтернативдүү кызмат өтөгөн жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүнү каалаган жарандар үчүн — 75 миң сом;
  • 30 жашка чейинки, биринчи категориядагы запастагы аскердик эсепте турган жана запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүп, алгачкы офицердик аскердик наам алууну каалаган аскер милдеттүүлөр үчүн — 90 миң сом;
  • үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу альтернативдүү кызматка чакырылган жарандар үчүн — 25 миң сом;
  • ден соолугунун абалы боюнча чектөөсү бар жана альтернативдүү кызматка чакырылган жарандар үчүн — 40 миң сом;
  • 25 жаштан жогору, аскердик же альтернативдүү кызмат өтөбөгөн жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүнү каалабаган жарандарды экинчи категориядагы запаска киргизүү үчүн — 50 миң сом.

Тектеш кабарлар

Back to top button