Ысык-Көлдө инновациялык ыкма менен дарбыз өстүрүлдү

Бишкекте 18-21-феврал күндөрү «Агродиалог – 2026» айыл чарба форуму өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлады.
Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан дыйкан-фермерлер катышып, өз тармактарында эң жакшы жыйынтык көрсөткөндөр аныкталды.
Ысык-Көл облусунан келген дыйкан жаңы технологияларды колдонуу аркылуу дарбыз өстүрүүдө жогорку жыйынтыкка жетип, чемпион аталды.
Түндүк аймакта арбуз өстүрүү дээрлик жокко эсе экенине карабастан, бул иш эксперимент катары башталган. Заманбап агротехнологияларды, анын ичинде тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу менен дыйкан эрте түшүм алууга жетишкен.
Анын айтымында, жалпы бир гектар жерден 60-80 тоннага чейин түшүм алынган. Бул жыйынтык Ысык-Көл сыяктуу түндүк аймактарда да дарбыз өстүрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар экенин далилдеп, дыйкандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.




