Саясат
Таалайбек Сарыбашов Жанар Акаевдин ордуна депутат болду

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын Таалайбек Сарыбашовго өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алынды.
Боршайкомдон билдиришкендей, ага ылайык Таалайбек Сарыбашов №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутат катары катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылды.



