ЖК мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырат

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырарын билдирди. Кайрылуусун ал өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.
Билдирүүсүндө экс-спикер кыргызстандыктарды орозонун башталышы менен куттуктап, өлкөгө тынчтык, ынтымак жана бакубатчылык каалады. Ал ошондой эле акыркы күндөрү анын саясий интригаларга жана «75тин кайрылуусуна» тиешеси бар деген маалыматтарга комментарий берди.
«Ыйык Рамазан айында жана Кудай алдында ачык айтам: мен интригаларга да, жетимиш беш аксакалдын кайрылуусуна кол топтоого да эч кандай тиешем жок», — деп белгиледи ал.
Нурланбек Тургунбек уулунун айтымында, коомчулукта резонанс жараткан кат ЖМКларда ал Түркияга иш сапары менен жүргөн учурда жарыяланган, ал эми анын жарыяланганын кийин гана билген.



