Бишкектеги №83 орто мектепте 69 жаштагы мугалим менен 10 -класстын окуучусу мушташа кеткен

Бишкек шаарындагы №83 орто мектепте окуучу менен мугалимдин ортосунда чыр чыгып, ал күч колдонууга чейин жеткен. Бул маалыматты борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Милициянын маалыматына ылайык, 16-февралда саат 11:30 чамасында окуу жайындагы окуя тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери барышкан. Териштирүүнүн жүрүшүндө окуянын катышуучулары 1957-жылы туулган мугалим К.Б. жана 2010-жылы туулган 10-класстын окуучусу М.К. экени аныкталган.
Мугалим окуучуга карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Ал эми жашы жете элек өспүрүм медициналык жардам алуу үчүн саламаттык сактоо мекемесине кайрылган.
Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп, зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар дайындалды. Жыйынтыгында окуяга укуктук баа берилет.



