Коом

Өткөн жылда 228 миңден ашык пенсионер топтомо пенсиялык фонддон төлөмдөрдү алышты

Социалдык фонд Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарын пайдалануу механизмдерин активдүү өнүктүрүүдө. 2026-жылдын 1-январына карата МТПФтен 228 миң 670 адам жалпы суммасы 6 миллиард сомдон ашуун каражат алды.

Төлөмдөрдүн негизги багыттары:

  • турак жай жана ипотека: 8,8 миңден ашуун жаран топтолгон каражаттарын Ипотекалык компания аркылуу ипотеканы төлөөгө, үлүштүк курулушка же турак жайды ижарага алууга жумшап, жалпысынан болжол менен 2 миллиард сом пайдаланган;
  • саламаттык сактоо: 809 адам оор дарттарды дарылоого каражаттарды мөөнөтүнөн мурда алган (132,3 миллион сом);
  • жумушсуздарды колдоо: расмий катталган 322 жумушсуз жаранга төлөмдөр берилген;
  • инвестициялык киреше: 2025-жылы МТПФ каражаттарын инвестициялоодон (мамлекеттик баалуу кагаздарга, депозиттерге жана акцияларга) түшкөн киреше 6 миллиард 734,2 миллион сомду түзүп, жарандардын топтомдорунун сакталышын жана өсүшүн камсыз кылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button