Тагдыр. Апамдын күндөшү апама караганда бир топ жакшы аял

Ата – энеси эки ажырым жолго түшкөндөр мени эң жакшы түшүнөт болсо керек. Тай журтта жүрүп ал жака сиңип кетүүнүн өзү кыйын. Ар бир кетирген катаңда “бөрү баласы ит болбойт” деген сөз айтылып турат. Кокус колуңдан чыны түшүп сынып калса тай жеңең ушундай бир көз караш менен карайт жер жарылып сен ичине ирип чыккың келбейт. Атаң жака барасың, алгач чоң апам аяган киши болгон менен “тайларын тартып, ошолордун нанын жеп” деген сөздөр сөөккө жетет. Кыскасы ортодо согулуп, кагылып өсүп мерездик эмне экенин, адамдардын күлүп турган жүзүнүн артында кандай адам жатканын билип каласың.
Мен 10 жашымда атам менен апам ажырашып кетишти. Иним экөөбүз тай жакта чоңойдук. Жемени жедик, кагууну уктук. Жылдар өтүп мен турмушка чыктым. Кайын энем жакшы адам экен. Колдоп турат дайыма. Эки балалуу болгон соң кайын энем атам менен жолуктуруп, катышып баштадык. Ал ортодо апам башка бирөөгө турмушка чыгып эки кыздуу болгон. Апам аларды эркелетип күйөөсү менен үйгө келгенде кадимкидей кызганат элем. Ошондон уламбы өгөй апам менен кандай болот деп кооптонуп жүрчүм. Тилекке каршы ал аябай жакшы аял экен. Өз кызындай жан тартып барган сайын чайын коюп абалымды сурап, балдарыма толгон токой нерсе салып берет. Өз энемден көрбөгөн мээримди өгөй апамдан көрүп жаттым.
Мен апамды ичимен кызганып, кээде эмнеге бизди таштап турмушка чыгып кетти деп кек сактап жүрдүм. Апамдын мүнөзү да башкача. Ушул учурга келип эми түшүнүп жатам эмнеге атам менен ажырашканын, апамдын мүнөзүнөн улам экен.
Апам экинчи турмушунда да узакка жашай албады. Эки кызы менен кайра келди тай энемдин үйүнө. Иним бой жетип өзүн өзү бакканга жарап калды. Шаарда ресторандардын биринде иштейт. Эми апам аны Россияга кет иштеп бизди бак деп жатат. Иним баргысы келбейт. Мен дүкөн иштетем. Керектүү азык түлүктөрдүн тизмесин жазат да “таксиден салып жибер” деп коет. Айла жок тууган апам деп салып жиберем. Бирок акыркы убакта көп сурачу болду. Эки кызынын атасы бар го багышпайбы деп иним айтат. Атамдын үйүнө бат – баттан барып калык. Өгөй апам “ал азыр кыйналып жатат жардам берип койгула” дейт. Күн өткөн сайын өгөй апам менен жакшы мамиледе болуп баратам. Өз апама барганда наалып эле нааразы болуп баарына атамды күнөөлөп туруп алат. Кээде жолдошумдан тартынам, уялам эмне деп айтат деп. Ойлонуп отуруп айтып калам үй бүлөнү сактап калууда аялдын орду чоң экен деп. Мен ушул жашка келсем да ынтымакта жашаган үй бүлөлөргө суктанам. Маңдайыма жакшы бүлө туш кылган кудайга көп ирет шүгүр айтам. Бирок мени ойлонткон бир нерсе бар, ал инимдин тагдыры. Үйлөнсө апам кандай кайын эне болот? Өгөй апам иниме айтыптыр үйлөнгөнгө чейин үй ал биз да жардам беребиз, өзүңчө жаша деп. Мен да ошол ойду туура көрүп турам. Апамдын мүнөзү инимдин тагдырына таасирин тийгизбесе дейм.



