Маданият

Бишкекте улуу акын Токтогул Сатылгановдун элесине арналган эскерүү кечеси өттү

Бишкекте улуу акын, композитор жана комузчу Токтогул Сатылгановдун жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейинде уюштурулду.

Эскерүү кечесинде №69 мектептин комузчулар ансамбли жана Ысык-Ата районундагы А. Айталиев атындагы орто мектептин ооз комуз ансамбли Токтогул Сатылгановдун белгилүү күүлөрүн аткарып, өзгөчө маанай тартуулашты.

Ошондой эле акындын өмүр жолу, чыгармачылык изденүүлөрү жана кыргыз адабияты менен музыкасына кошкон баа жеткис салымы тууралуу мазмундуу баяндамалар да жасалды. Катышуучулар улуу мурастын түбөлүктүүлүгүн баса белгилеп, жаштарды улуттук баалуулуктарды урматтоо жана сактоого чакырышты.

Мэриядан кошумчалашкандай, Токтогул Сатылганов атындагы Адабият музейинин абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү каражаттар бөлүнүп, реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button