Маданият
Бишкекте масленица майрамы белгиленет

Бишкек шаарында 22-февралда масленица майрамы белгиленет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Программада хороводдор, ырлар, бийлер, оюндар, сынактар жана, албетте, даамдуу куймактар каралган.
Иш-чара Маданият министрлигинин имаратынын алдындагы аянтта өтөт.
Майрамдык сейилдөөлөр ошондой эле Кант, Кара-Балта, Каракол, Ош шаарларында жана Ленинское айылы менен Беловодское айыл аймактарында да өткөрүлөт.
Иш-чаралардын жүгүртмөсү менен бул жерден таанышууга болот.



