Пайдалуу кеңештер

Адис түн ичинде ойгонуп кетүүнүн себебин түшүндүрдү

Психолог жана уйку боюнча адис Майкл Бреус түнкү саат үчтөрдө ойгонуп кетүүнүн себебин түшүндүрүп, андан кийин тез уктап кетүүнүн жолун айтты. Анын кеңештерин Daily Mirror басылмасы жарыялады.

Бреустун айтымында, дээрлик бардык адамдар түнкү саат 1ден 3кө чейин ойгонушат. Бул гормондордун деңгээлинин жана дене температурасынын табигый өзгөрүшү менен байланыштуу. «Көпчүлүк учурда адам жөн гана экинчи капталына оодарылып, 30 секунд ичинде кайра уктап кетет. Бирок кээде андай болбой, адам бир нече саат бою уктай албай жатып калат», — дейт адис.

Эксперт түнкү ойгонууда эң негизги себеп — дааратканага баруу каалоосу экенин белгилейт. Анын айтымында, көпчүлүк учурда бул жалган сигнал болот. Анткени адам капталы менен жатканда табарсык кысылып, заара кылуу каалоосу пайда болушу мүмкүн. Эгер позаны өзгөртүп, болжол менен 25 секунд күтсө, бул сезим өзүнөн өзү өтүп кетет.

Бреус кошумчалагандай, адам ордунан туруп дааратканага барганда уйкусу ачылып кетет. Себеби кыймыл жүрөктүн согушун ылдамдатып, ал эми күйгүзүлгөн жарык мээге ойгонуу сигналы катары таасир этет. Эгер дааратканага баруу зарыл болсо, адис жай кыймылдап турууну, көздү оорутпаган жумшак жарык күйгүзүүнү жана смартфондун экранын бир секундга да карабоону сунуштайт. Анын айтымында, телефондун жарыгы мээни дээрлик дароо ойготот, ошондуктан убакытты эле текшерүү да уйкусуздукка алып келиши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button