Спорт
Орозобек Токтомамбетов Албанияда өткөн мелдеште күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Орозобек Токтомамбетов Албанияда өткөн рейтингдик мелдеште эркин күрөш боюнча күмүш медаль жеңип алды.
74 килограммга чейинки салмак категориясында финалда балбаныбыз ирандык Йонес Алиакбар Эмамиге 0:5 эсебинде утулуп калды.
Буга чейин Орозобек Токтомамбетов Азербайжан, АКШ жана Грузиянын өкүлдөрүн жеңген.
Эске салсак, 70 килограммга чейинки салмакта Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынса, Залкарбек Табалдиев коло медалга ээ болгон.



