Адис бекем уйкунун эки негизги шартын атады

Учурда көпчүлүк түнкүсүн уктай албай, уйку режиминин бузулгандыгын айтышат. Дарыгер Сара Марин бекем уйкунун эки негизги шарты — кечки тамакты кечиктирбей өз убагында ичүү жана так күн тартиби экенин билдирди. Бул тууралуу Infobae басылмасы жазды.
Анын айтымында, эгер адам кеч тамактанса, уктаар алдында организм эс алуунун ордуна тамак сиңирүү менен алек болот. Мунун кесепетинен эндокриндик процесстер жана циркаддык ритмдер бузулушу мүмкүн. Ошондуктан дарыгер кечки тамакты саат тогуздан кечиктирбей ичүүнү сунуштады.
Ошондой эле уйкунун сапатына ар башка убакта ойгонуу да терс таасирин тийгизет. Мисалы, адам иш күндөрү эртең менен саат сегизде туруп, дем алышта түшкө жакын ойгонсо, циркаддык ритмдер дагы бузулат, деди адис.
Марин уйку тартыштыгын мындай жол менен толуктоого аракет кылуу натыйжалуу эмес экенин кошумчалады.



