Америкалык футболчу Кыргызстандын “Илбирс” клубунда ойнойт

АКШдан келген 16 жаштагы футболчу Калеб Копытин карьерасын Кыргызстанда улантат. Ал Илбирс клубунун оюнчусу болду. Клубдун басма сөз кызматы билдиргендей, бул команда Кыргызстан жаштар курама командасынын базалык курамы болуп эсептелет.
Буга чейин Копытин Кыргызстан U-17 курама командасынын курамында бир нече жолдоштук беттештерге катышкан.
ФИФА уюмунун эрежелерине ылайык, мындай оюндарга катышуу спорттук жарандыкты расмий алмаштырбастан мүмкүн болот. Ал тургай футболчу бир гол киргизүүгө да жетишкен.
Ошол эле учурда ФИФАнын регламентине ылайык, футболчу 18 жашка толо элек учурда чет өлкөлүк клуб менен келишим түзүүгө укугу жок (айрым өзгөчө учурларды эске албаганда). Демек, Калеб Кыргызстан жарандыгын алып, спорттук макамын расмий түрдө өзгөрткөн.
Белгилүү болгондой, Копытин Кыргызстандык жарандардын урпагы болгондуктан, паспортту жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алган. Мындай учурларда ФИФА спорттук жарандыкты алмаштырууга тоскоолдук жаратпайт.



