Саясат

Президент: Ар бир жетекчинин жалгыз милдети — элге кызмат кылуу

Президент Садыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» өтүп жаткан республикалык кеңешменин жүрүшүндө өлкөнүн эң алыскы айылдарындагы жетекчилерге чейин бардык мамлекеттик кызматкерлер 2030-жылга чейинки стратегияда белгиленген милдеттерди ишке ашыруу үчүн иштеши керектигин билдирди.

Ал ар бир жетекчи ак ниет иштеп, уурдабашы жана коррупцияга барбашы керектигин белгиледи.

«Ар бир мамлекеттик органдын, ар бир жетекчинин жалгыз милдети — элге кызмат кылуу. Бийликтин бир да бутагы саясий оюндар үчүн, басым көрсөтүү же өз көз карашын таңуулоо үчүн түзүлгөн эмес. Саясий оюндарга жол бербейбиз, анткени алар башаламандыкка жана элдин ишенимин жоготууга алып келет. Мурда мындай саясий амбициялар мамлекеттик органдардын милдеттери менен аралашып, өнүгүүгө тоскоол болуп, институттарды кыйраткан. Чечимдер эл үчүн эмес, айрым топтордун кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган. Ошондуктан өлкө ондогон жылдар бою ордунда турган», — деди мамлекет башчысы.

Ал азыр мамлекеттик кызматкерлер ката кетирүүгө укугу жок экенин, саясий интригалар тууралуу айтпай эле коёлу, ар ким өзүнүн түз милдетин гана аткарышы керектигин белгиледи.

Президент ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерин жакын туугандарын жумушка албоого чакырды, болбосо алар кызматтан алынарын эскертти.

«Мамлекеттик кызматтарга жумушка алууда өкүл балам, жээним, таякем, кудам, аяш үкөм же жердешим деген мыйзамга жат, одоно катачылыктар болбошу керек!», — деди Президент.

Тектеш кабарлар

Back to top button