Саясат

Садыр Жапаров: Уюшкан кылмыштуу топтордун 300дөн ашуун мүчөсү жоопкерчиликке тартылды

Бүгүн республикалык жыйында президент Садыр Жапаров уюшкан кылмыштуу топтордун 300дөн ашуун мүчөсү жоопкерчиликке тартылганын билдирди.

Анын айтымында, мамлекетке 38 миллиард сомдон ашык суммадагы зыян өндүрүлүп кайтарылды.

«Биз айрым криминалдык түзүмдөрдү гана жойбостон, ондогон жылдар бою көмүскө таасирди “азыктандырган” системаны да талкаладык. Мамлекет мыйзамдын үстөмдүгүн калыбына келтирди», — деди Садыр Жапаров.

Ал Ички иштер министрлиги кеңири масштабдагы санариптик трансформациядан өткөнүн кошумчалады. Өлкө боюнча заманбап видеокөзөмөл системалары орнотулуп, сутка бою мониторинг жүргүзүлүүдө.

«Натыйжада катталган кылмыштардын саны 73 пайызга кыскарды. Камералар орнотулган коомдук жайларда оор кылмыш фактылары 68 пайызга азайды. Мунун баары көчөлөрүбүздүн коопсуздугун жогорулатууга, үй-бүлөлөрдүн тынчтыгына жана ата-энелердин балдарынын келечегине болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган», — деп белгиледи президент.

Анын сөзүнө караганда, «күчтүү мамлекет куруп жатабыз деген билдирүүлөр куру сөз катары кабыл алынбашы керек».

«Бул чек араларды коргой алуу, адилеттүүлүктү камсыз кылуу, кылмышкерлерди жазасыз калтырбоо жана ошол эле учурда ар бир жаранга коопсуздукту кепилдөө жөндөмү тууралуу сөз болуп жатат. Ондогон жылдар бою коррупция мамлекеттик институттарды ичинен алсыратып, элдин ишенимин толук солгундатып, экономиканын өнүгүшүнө олуттуу тоскоолдуктарды жараткан. Биз бул терең тамыр жайган жана татаал илдетти жоюуга багытталган принципиалдуу чечимдерди кабыл алдык.
Коррупцияга каршы иш-чаралардын алкагында миңдеген кыймылсыз мүлк объектилери мамлекеттин менчигине өттү. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объект өткөрүлүп берилди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына 3,3 миң гектардан ашуун айыл чарба жерлери кайтарылды», — деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Тектеш кабарлар

Back to top button