Пайдалуу кеңештер

Гастроэнтеролог бат даярдалуучу ачуу кесменин кесепеттерин айтты

Гастроэнтеролог Дмитрий Рытько «Газета.Ru» басылмасына берген маегинде бат даярдалуучу ачуу кесме ультра иштетилген азык экенин жана анда клетчатка же пайдалуу заттар дээрлик жок экенин эскертти.

Анын айтымында, мындай кесме ден соолукка чоң зыян келтирбеши мүмкүн, бирок андан эч кандай пайда да жок. Эгер аны күн сайын жесе, ашказан-ичеги жолунда (ЖКТ) жагымсыз сезимдер — мисалы, кекиртек күйүүсү (изжога) же ичтин көөп кетиши пайда болушу мүмкүн. Бул белгилер бир аз убакыттан кийин өзүнөн-өзү өтүшү ыктымал.

«Бул пайдасыз тамактын жумасына бир же эки порциясы көпчүлүк адамдар үчүн коопсуз. Бирок аны күн сайын жесе, ич көөп, заң бузулат, андан тышкары организм клетчатка жана микроэлементтерди жетиштүү албай калат», — деди адис.

Ошондой эле Рытько гастрит же жара оорусу күчөп турган учурда, ошондой эле гипертониясы бар адамдар ачуу кесмени этияттык менен колдонушу керектигин белгиледи. Анын түшүндүрүүсүндө, курамындагы туздун көптүгү жана капсаицин заты мындай адамдардын абалын начарлатышы мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button