Кечинде гаджет колдонуу жана сериал көрүүнүн терс таасири айтылды

Дарыгер-сомнолог Карема Магомедова кечинде гаджет колдонуу жана сериал көрүү уйкунун сапатын начарлатарын билдирди. Бул зыяндуу адаттардын терс таасири тууралуу ал РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты.
Магомедованын айтымында, гаджеттерден чыккан көгүш жарык мелатонин гормонунун бөлүнүп чыгышын басаңдатат. Мындан тышкары, социалдык тармактардагы ленталарды тынымсыз карап чыгуу жана сериал көрүү адамды эмоционалдык жана когнитивдик жактан козгойт.
Сомнологдун сөзүнө караганда, мунун айынан адамга уктоо кыйындайт, ал эми уйку үзгүлтүктүү болуп калат.
Уйкунун сапатын жакшыртуу үчүн дарыгер уктаар алдында маалыматтык агымды чектөөнү сунуштады. Ал үчүн сериал көрүүдөн жана смартфон колдонууда баш тартуу гана эмес, ашыкча баарлашуудан да алыс болуу керектигин белгиледи.



