Коом

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 3-марттан 5-мартка чейин туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-265-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда;
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290- жана 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жллдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Тектеш кабарлар

Back to top button