3-март мамлекеттик туу күнү

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу ― Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгилеринин бири 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген.
Туунун авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.

Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 20-декабрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алып, ал президент Садыр Жапаров тарабынан 22-декабрда бекитилген. Кабыл алынган мыйзам менен мамлекеттик туудагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.
Туу мамлекеттик органдардын имараттарында, майрам жана расмий иш-чараларда, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелеринде илинет.
Эске салсак, 2024-жылы Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мамлекеттик туу жайгашкан жер реконструкциядан өткөн. 31-августта көтөрүлгөн туунун узундугу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине карата 100 метр, ал эми эни Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына байланыштуу 33 метр болгон.



