Кыргызстанда электр линияларын курууда дрондор колдонулууда

Кыргызстанда электр линияларын курууда дрондор колдонулуп баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр колдонууга киргизилди.
Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан «Исанова» жаңы подстанциясынын курулушунун алкагында дрондорду пайдалануу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө тартып, электр линиялары өтө турган трассанын видеоматериалдарын жаздырууга мүмкүнчүлүк берет. Чогултулган маалыматтар 3D-форматта иштелип чыгып, жердин рельефин, техникалык өзгөчөлүктөрүн жана курулуш учурунда жаралышы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого шарт түзөт, деп айтылат билдирүүдө.
Мекемеден кошумчалашкандай, ирандык Monenco Iran компаниясы менен келишим түзүлдү. Экологиялык жана социалдык маселелер боюнча изилдөө жана долбоорлоо иштери MERCADOS ARIES INTERNATIONAL, S.A. консультанты менен биргеликте жүргүзүлөт.
Дрондорду колдонуу маршрутту так пландаштырууга, айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирин алдын ала баалоого жана коопсуздук стандарттарынын сакталышын катуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
«Бул ыкма Кыргызстанда заманбап технологияларды колдонуудагы алгачкы тажрыйба болуп саналат жана өлкөнүн энергетикалык долбоорлору үчүн жаңы стандарттарды түзөт. Мындан тышкары, ал аймактын электр менен камсыздоосунун туруктуулугун жогорулатып, кайра жаралуучу энергия булактарын натыйжалуу интеграциялоого өбөлгө түзөт», — деп белгилешти министрликтен.



