Коом

Министрлик өлкөдө жумуртка эмне себептен кымбаттап жатканын түшүндүрдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө жумуртка эмне себептен кымбаттап жатканын түшүндүрүп берди.

Социалдык тармакта 10 жумуртканын баасы 160-170 сомго жеткен сүрөт тараган. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин айтымында, буга Казакстан менен Россиядагы баанын жогорулашы таасир этиши ыктымал.

«Бирдиктүү рынокто болгондуктан коңшу өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөр бизге да таасир берет», — деди адис.

Чекирбаев былтыр баа өтө төмөн болуп, айрым чакан чарбалар банкрот болуу коркунучуна кептелгенин, андыктан кымбаттоо фермерлердин абалын турукташтырууга жардам берерин айтты. Ал ошондой эле буга чейин өлкөдө тооктор эмделгендиктен аз тууп, бул дагы баага таасир эте турганын божомолдоду.

Тектеш кабарлар

Back to top button