Коом

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы жарандарын эвакуациялоону пландоодо

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Тышкы иштер министртлиги Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Оман менен кыргыз жарандары үчүн эвакуациялоо каттамдарын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.  

ТИМден билдиришкендей, министрлик маселени тынымсыз көзөмөлдө кармоодо жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Ошондой эле министрлик чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн жарандарга этият болууну, эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан оолак болууну эскертет.

«Жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарын так сактоону, өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын дайыма жанында алып жүрүүнү, ошондой эле расмий билдирүүлөрдү көзөмөлдөөнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Израил Иранга сокку ургандан кийин Жакынкы Чыгыш аймагында абал курчуган. Буга байланыштуу аймакта бир катар аба каттамдары токтотулган.

Тектеш кабарлар

Back to top button