Кореялык компания өлкөдө 300 электр унааларын заряддоочу станцияларды орнотууну пландоодо

Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев «Blue Networks» компаниясынын башкы директору Но Сун Ен менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында электр унаалар үчүн кубаттоочу станциялардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана заманбап энергетикалык технологияларды киргизүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу талкуулашты.
Белгиленгендей, 2026-жылдын июлуна чейин компания Кыргызстандын аймагында 300 электр унаа кубаттоочу станциясын даярдоону пландаштырууда. Өз кезегинде «Blue Networks» өкүлдөрү Корея Республикасында буга чейин 3,5 миң кубаттоочу станция ийгиликтүү орнотулганын билдиришти. Бул компаниянын аталган тармактагы олуттуу практикалык тажрыйбасын жана технологиялык мүмкүнчүлүгүн тастыктайт.
Тараптар ошондой эле кызматташууну кеңейтүүгө, анын ичинде күн электр станцияларын куруу жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин билдиришти.
Тармакты санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Компания кубаттоо инфраструктурасын башкаруу үчүн атайын программалык камсыздоону иштеп чыкканын маалымдады. Жолугушуунун жыйынтыгында системанын ачык-айкындуулугун, мониторингин жана натыйжалуу башкарылышын камсыз кылуу максатында КР Энергетика министрлигине тиешелүү кирүү ачкычтарын жана логиндерди өткөрүп берүү боюнча макулдашуу жетишилди.
Энергетика министрлиги ишке ашырылып жаткан долбоорлор өлкөнүн жашыл экономикасын өнүктүрүүдө, инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууда жана кыргыз-корей өнөктөштүгүн бекемдөөдө стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.
Маалымат үчүн:
«Blue Networks Co., Ltd.» компаниясы менен кызматташуу 2024-жылдан бери уланууда. 2024-жылдын август айында «Чакан ГЭС» ААК менен компания электр кубаттоочу станцияларды биргелешип даярдоо жана эксплуатациялоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.
2025-жылы Кыргызстанда электр кубаттоочу станцияларды чогултуу, чыгаруу жана орнотуу боюнча өндүрүш ишканасын ачуу долбоорун ишке ашыруу тууралуу алкактык келишимге кол коюлган.
Макулдашуулардын алкагында «Рево Кей Джи» ЖЧКсы аттуу биргелешкен ишкана түзүлгөн. Электр кубаттоочу станцияларды чогултуучу заводду ишке киргизүү 2026-жылдын апрель айына пландалган.



