Окуялар

Таласта 738 миң сомдон ашык алимент карызы өндүрүлдү

Талас облусунда 738 миң сомдон ашык алимент карызы өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу сот аткаруу кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Айтматов райондук сот аткаруучулар бөлүмүндө карызкор Б.С.га карата аткаруу өндүрүшү жүрүп жаткан. Ал жашы жете элек балдарды багуу үчүн өндүрүүчү Н.К.нын пайдасына кирешесинин 50 пайызы өлчөмүндө алимент төлөөгө милдеттүү болгон.

Кабыл алынган мажбурлап аткаруу чараларынын натыйжасында 738 миң 171 сом өлчөмүндөгү алимент карызы толугу менен өндүрүлүп, Н.К.га которулду.

Тектеш кабарлар

Back to top button