ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Тагдыр. Аялымдын кадырын ажырашкан соң билдим

Бойдок кезде көп нерсени элес алчу эмес экенмин. Турмушту такыр башка элестетип, кыздан кыз тандап  жүрүп, 22 ге чыгып-чыкпай үйлөнүп алдым. Азыр ойлосом бала эле болуптурмун.

Үйлөндү деген эле атым болбосо бойдок досторума кошулуп, тентип кетип үч күндөп жүрүп келчүмүн. Досторумдун эркексиңби? Аялыңа байланып калдыңбы, “подкоблучник” деген сөздөрүнө намыстанып кете берчү экенмин. Бир ирет аялым кетпе деп жалынып ыйлап, бутума жабышып алды. “Келесоосуңбу сени карап отурмак белем” деп, ыргыта тээп чыгып кеттим. Мени сүйүп,күтүп түнү менен уктабай отурчу экен ал байкушум.

Келин болуп иштебей үйдө отуруп калган соң, күндө апама конок келет, үй иштери болуп өзүнө карабай жүдөй түштү. Ошондо достор менен кафелеп жүрүп таанышкан кыздар татынакай анан атыр жыттанып турчу. Кээде колго түшкөн коенду кое берген оңобу болуп, келбей калган күндөр да болуп калчу. Байкуш аялым баарына чыдачу, кээде гана тултуңдап, апамдан катуу жеме уккан күнү буулугуп ыйлап калаар эле.

Ошентип жүрүп кыздуу болдук. Кызым ыйлаак, түнү менен уйку бербейт. Кээде аракка тоюп келип уктайм ошонун ыйлаганын укпайын деп. Күндөр өтүп аялым көзүмө башкача  жүдөө көрүнө баштады. Апам да аялың колунан эч нерсе келбейт, элдин келиндериндей тың эмес дей бергенинен жок жерден уруш чыгарып кетирип салдым. Өзүм болсо жумушка барам, досторум менен жолугам. Инстаграм деген жаңы ачылып баштаган. Балдар менен ошол жактан кыздарды карап оозун жасатыптыр, төшүн жасатыптыр деп эле шылдыңдап калчубуз.

Бир ирет достор болуп кафеде отурсак, бир досум бир кызды көргөзүп «аяш го» деп калды. Көргөн көзүмө ишенбейм, менин аялым. Ушунчалык өзгөрүптүр. Мурдагыдан да татынакай. Ал курбусу экөө бизди элес алган жок. Бир сааттай отуруп кетип калышты. Ошол бир саат аралыгында басып бара албай койдум. Намысым жол бербеди.

Отуруп ойлондум. Экөөбүз чогуу жашаган күндөрдү элестеттим. Ичип барып кыжырын келтирип, түнкүсүн келбей кыздар менен ойноп жүрдүм. Өзүңө карабайсың, жүдөөсүң деп уруштум. Үйдөн чыгарчу эмесмин. Көйнөк тургай бир упа сатып берчү эмесмин. Мен аялды алганда, үйдө тамак жасап, кир жууп апама карашат деп эле үйлөнгөн экенимин. Ал кеткенден бери үч жыл болду,бир-эки жолу барып кызымды көрүмүш болдум да акыры барбай да калдым.  Азыр ал жок өзүм жүдөй баштадым го…. 

Ээх , эмне деген адам болдум. Инстагармга сүрөт койгон сайын карайм, татынакай, бирок көздөрүнө  жакшылап тигилсем бир нерсе жетпей турганын сезем. Интернеттен жакшынакай балдардын сүрөтүн коюп, аялым менен таанышып тийише баштадым. Телефон номерин сурайм. Жолдошуңуз барбы деп сурайм. Бир ирет  жолдошум бар мага жазба деп айтты.  Ошондо ордуман так секирип атып турдум. Жакын жашаган досум бар Надыр деген. Аны менен сүйлөшүп кээде мени сурап тураарын билчүмүн. Надырга барып айтсам.

-Ой келесоо, ал сени күтүп жүрөт. Акмак экенсиң ортодо кызыңар бар. Кечирим сурап бар да элдешип ал,-деди.

Эми мени кечирбейт го деп башымды жерге салып үйгө келдим.  Акыры өзүмдүн аккаунттумдан сүрөттөрүнө лайк басып.

-Кандайсың?,-деп жаздым.

-Жакшыыы,шүгүр,-деп жазды.

Жүрөгүм башкача согуп. Сагынып калганымды сездим. Ошентип сүйлөшүп жүрүп экөөбүз элдештик. Азыр эки уул төрөп берди. Көрсө үйлөнүп жатканда достордун ура-урасы менен үйлөнгөн экенмин. Эми аялымды сүйүп, сүйүү кандай болоорун түшүнүп жеттим.  Эң негизгиси аялды жүдөтүп, гүлдөтчү да өзүбүз турбайбызбы…

Тектеш кабарлар

Back to top button