Жогорку Кеңеш «Антикино» жайларын жабууга чакырды

Депутат Жылдыз Эгембердиева «Антикино» жайларын жабууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Айрым мыйзам актыларына (Жарандык процесстик кодексине, Балдар жөнүндө кодекске, “Жарнама жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айтты.
Анын айтымында, бул жайларда көптөгөн жаштар кино көрүү деген шылтоо менен кылмыш иштерин жасашууда, анын ичинде баңгизат колдонуу учурлары да бар.
Ал Ички иштер министрлигин «Антикино» жайларына карата чара көрүп, аларды жабууга чакырды.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев буга чейин «Антикино» жайларында кылмыш фактылары катталганын белгиледи. «Биз алардын ээлерин жоопкерчиликке тартканбыз. Ал жерде баңгизат колдонуу учурлары да болгон», — деп кошумчалады ал, бирок так статистикалык маалыматтарды келтирген жок.



