Кыргызстанда «Электрондук нотариат» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди

Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлады.
Билдирүүгө караганда, азыркы учурда аны Play Market аркылуу жүктөп алууга болот, жакында App Store платформасында да жеткиликтүү болот.
Мобилдик тиркеме аркылуу төмөнкүдөй нотариалдык аракеттерди электрондук форматта жүргүзүүгө мүмкүн:
- жашы жете электердин өлкөдөн чыгышына ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн макулдугун күбөлөндүрүү;
- жашаган жери боюнча каттоого турууга макулдук берүү;
- паспорт алуу;
- жарандыкты алуу же андан чыгуу боюнча макулдуктарды күбөлөндүрүү.
Ошондой эле мамлекеттик органдардан документтерди алуу, жүктөрдүн бажы тариздөөсүн жүргүзүү жана мамлекеттик мекемелерде кызыкчылыктарын коргоо үчүн (мүлктү өткөрүп берүүсүз) ишеним каттарды күбөлөндүрүүгө мүмкүн.
«Тиркеме аркылуу нотариалдык аракеттер Кыргызстандын аймагында жана чет мамлекеттерде жүргөн жарандарга, юридикалык жактарга карата, улуттук мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин талаптары сакталган учурда аткарылат», — деп айтылат маалыматта.
Жаңы санариптик курал нотариат тутумун реформалоонун алкагында ишке киргизилип, жарандарга жана юридикалык жактарга нотариалдык кызматтарга аралыктан жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.



