Окуялар

УКМК: Таласта ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган  жай  табылды

Ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Талас шаарында курал-жарак сакталган жайды табышты. Маалыматты атайын кызматтан кабарлашты.

Билидирүүдө айтылгандай, текшерүү учурунда төмөнкүлөр алынган:

— 12 жана 16 калибрлүү (кесилген стволдуу) жылмакай мылтыктар – 2 даана.

— 3 даана кичинекей калибрлүү мылтыктар.

— 2 даана травматикалык тапанча (ПМ).

— 1 даана үн чыгаруучу граната.

— 71 даана 5,45 калибрлүү ок-дарылар жана 26 даана 7,62 калибрлүү ок-дарылар.

 Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button